02.07.2018 13:00

Мамлекеттик чек ара тартибин бузган 11 жаранга айып салынды, сегизи-россиялыктар

Мамлекеттик чек ара тартибин бузган 11 жаранга айып салынды, сегизи-россиялыктар

2018-жылдын 1-июлунда Ош облусунун Тажикистан менен чектеш жеринде жайгашкан альплагерден алыс эмес жерден КР МЧКнын Ош облусу боюнча башкармалыгынын чек арачылары мамлекеттик чек аранын тартибин бузгандыгы үчүн Россиянын 8 жаранын, Польшанын 1 жаранын, Кыргызстандын 2 жаранын кармашкан. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты. 

Чет элдик жарандар жана кыргызстандыктар мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик чек ара тилкесинде уруксаат берүүчү документтери жок жүрүшкөн.

Муну менен алар КРнын 2016-жылдын 4 апрелиндеги №172 “Кыргыз Республикасындагы чек ара тартиби жана чек ара тилкесинин тартибинин эрежелерин бекитүү жөнүндө” Өкмөттүн токтомун бузушкан. Буга ылайык, тартип бузган жарандарга айып пул салынды. 

Мамлекеттик чек ара кызматынан эскерткендей:

«Чек арага жакын аймакка кирүү(өтүү) эрежелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет элдик жарандардын, жарандыгы жок жактардын жана транспорттук каражаттардын чек арага жакын жайгашкан аймакка кирүүсү КР МЧК жана КР МККнын уруксааты жана алардын жарандыгын тастыктаган документтер менен кирүүсү (өтүү) жүргүзүлөт.

Уруксаат алуу үчүн жарандар жана уюмдар КР МККна же территориалдык бөлүктөрүнө тиешелүү формада кайрылуусу зарыл. Жарандар жана уюмдар чек арага жакын жайгашкан аймакка кирүүгө уруксаат алган соң, алар турган жерге жараша, КР МЧК же облус боюнча башкармалыгына (чек ара отряды, чек ара кызматынын бөлүмү, чек ара заставасы) кирүү максаты, катышуучулар, жумуштардын же иш чаралардын жүргүзүү убактылары, пайдаланыла турган транспорт жана техникалык каражаттар көрсөтүлгөн уруксат берилген документтерди жана алардын көчүрмөсүн көрсөтүүгө милдеттүү.

Эскерте кетүүчү нерсе, чек ара тартиби орногон жерде чек арага жакын жайгашкан аймакта болуунун эрежесин бузган, уруксаат документтеринин мөөнөтү бүткөн жарандар чек арага жакын жайгашкан аймактан көрсөтүлгөн убакта кетүүгө жана административдик айып төлөөгө милдеттүү».