22.06.2018 12:25

Мамлекеттик чек ара тартибин бузган 2 чет өлкөлүк жаран кармалды

Мамлекеттик чек ара тартибин бузган  2 чет өлкөлүк  жаран кармалды

Мамлекеттик чек ара режимин бузган 2 чет элдик жаран кармалды. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынын Коомчулук жана ЖМКлар менен байланышуу бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматта, 21-июнда Чүй облусунун Озерное аймагында «Кемин» тозотунда турган чек арачылар мамлекеттик чек ара режимин бузган эки чет өлкөлүк жаранды кармаганы айтылат.

Алар 1993-жылы туулган Улуу Британия жана Малазия жарандары экени айтылат. Аталган жарандар Өкмөттүн "Чек ара аймагында жүрүү эрежелери тууралуу" токтомун бузушкан. Тактап айтканда, аталган аймакта жүрүүгө уруксаат берген документтери жок болгон. Административдик жоопкерчилик тууралуу кодекске ылайык, кармалгандардын ар бири  3 миң сом айып пулга жыгылды.