16.01.2019 17:53

Мамлекеттик ипотека компаниясынын долбоорлорун каржылоо үчүн уюмдар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат

Мамлекеттик ипотека компаниясынын долбоорлорун каржылоо үчүн уюмдар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-январда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Бактыбек Шамкеевди кабыл алды. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти. 

Жолугушууда мамлекеттик ипотеканы берүүдөгү пайыздык ченди азайтуу, ипотекалык насыяларды берүүнүн процессин жана механизмдерин жакшыртуу маселелери талкууланды.

МИК төрагасы Бактыбек Шамкеевдин маалыматына ылайык, 2019-жылдын апрель-май айларында Нарын жана Бишкектеги эки пилоттук үйдүн курулушу аяктап, аларды кийин сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен ижарага берүү механизмин колдонушат.

«Бүгүнкү күндө 11 млн еврого долбоорду каржылап, биринчи фазасы ийгиликтүү ишке ашса, дагы 9 млн евро каржылоого даяр. Немец өнүктүрүү банкы менен иш жүрүп жатат. Бул каражаттар аймактардагы социалдык турак жай курууга жумшалат. Мындан тышкары Азия өнүктүрүү банкы жана башка эл аралык фонддор жана уюмдар менен МИКтин долбоорлорун каржылоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат»,- деп билдирди Шамкеев.

Мамлекет башчысы Ипотекалык насыялоонун мамлекеттик программасынын маанисин белгилеп, пайыздык ченди азайтуу, кошумча ресурстарды табуу жана тышкы инвестициялардын эсебинен мындан да көп калктын катмары программага кошула тургандай, анын кеңейиши керектигине көңүл бурду. 

Президент Сооронбай Жээнбеков бюджеттегилердин өзгөчө аяр тобу жана социалдык чөйрөнүн кызматкерлери үчүн ипотекалык насыялоо боюнча атайын программа керектигине көңүл бурду.

Маалымдама: 2018-жылдын 31-декабрына карата бюджеттик тармакта иштеген жарандарга 4,287 млрд сом өлчөмүндө 3799 ипотекалык кредиттер берилген. КР Өкмөтү бөлүп берип жаткан ссуданын 3 млрд 800 млн сому өздөштүрүлдү. Мамлекеттик ипотекалык насыялоо программасы аркылуу насыяларды берүү үчүн да колдонулуп жаткан негизги капитал 321 млн сомго куралган. 

МИК 7-9 жылдык пайыз менен ипотекалык насыяларды берип жатат. 6-8 пайызга кыскартуу 2019-жылдын 4-кварталына пландалууда.