Мамлекеттик ишканаларга финансы-чарбачылык жыйынтыгына жараша маяна коюлат
Мамлекеттик ишканаларга коюлган эмгек акылар алардын финансы-чарбалык жыйынтыктарына жараша болот. Натыйжасыз ишканалар жоюлуп же ишенимдүү башкарууга берилиши керек. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта, Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешинин 7-жыйынында билдирди.
«Мамлекеттик ишканаларды башкарууга мыкты менеджерлер тартылып, мамлекеттик ишканаларды ишенимдүү башкарууга ɵткɵрүү тажрыйбасы киргизилет», – деди Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Өз сөзүндө Өкмөт башчы мамлекеттик ишканаларды башкаруу жаатындагы учурдагы жаңы киргизүүлөргө басым жасады.
Анын ичинде, күтүлүп жаткандай, “Кыргыз почтасы” акционерлештирилет жана почта-банк түзүлөт. Муну менен бирге “Кыргыз темир жолунун” башкаруу системасына жаңы стандарттар киргизилип, иштөө принциптери толугу менен каралып чыкмакчы.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: