11.04.2018 11:47

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурунку башчысы Болсунбек Казаков кармалды

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурунку башчысы Болсунбек Казаков кармалды

ИИМдин тергөө кызматы тарабынан Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурунку башчысы Болсунбек Казаков кармалды. Казаковго 304-берене (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 307-берене (менчиктештирүү, салыктык, бажылык же лицензиялык-уруксаат берилген ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу) боюнча айып тагылууда.  

Мурдараак  ЖМКларда «Ала-Арча» резиденциясынан анча алыс эмес жерде жайгашкан, мурда Бакиевдерге таандык болгон 48 коттедждин арзан сатылып кеткени тууралуу макалалар  жарык көргөн.  Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду улутташтырылган үйлөр 9 ирет аукционго коюлуп, бирок кардар чыкпагандыктан, акырында 142 млн сомго сатылганын айтып, актанган эле. Бул жерде  сатып алган тарап  («ВостокТехКомплект» компаниясы)  тууралуу да маалыматтын көп ачыкталбаганы шек жараткан.  

«Комплекстин наркы кайсы бир адамдардын кызыкчылыгында жасалма түрдө төмөндөтүлгөн жок. Объектилер эң жогорку баа сунуштаган кардарга сатылды», —  деп билдирген Казаков. Эскерте кетсек, 12,4 гектар аянтты ээлеген коттедждердин баштапкы наркы 242 млн сом болчу.

Болсунбек Казаков учурда ИИМдин убактылуу кармоочу жайында. Тергөө иштери уланууда.