17.09.2018 18:16

Мамлекеттик тойлорго канча акча сарпталат?

Мамлекеттик тойлорго канча акча сарпталат?

Быйыл өлкөдө 105 маареке өтөөрүн маданият министрлиги тастыктады. Алардын ичинде бир нече райондордун 120-жылдыктары, шаарлардын туулган күндөрү бар. Ошондой эле Кыргызстанга атагы чыккан адамдардын юбилейлик иш чаралары дагы кирген дейт ведомствонун статс катчысы.

Айтымында, Өкмөт болгону юбилейлик иш чаралар жөнүндөгү ошол эле Жогорку Кеңеш чыгарган мыйзамдарды аткарып жатат. Андан тышкары "тойлорду демөөрчүлөр каржылайт" - деп кошумчалап кетти. Бирок чындыгында ал демөөрчүлөр карапайым эле кызматкерлер дейт депутат Акылбек Жаманкулов. Чоңдор үчүн тойго камданышат, бирок өздөрү боорсогунан дагы ооз тийишпейт.

Быйыл иш чаралар тизмесинин сап башында Нарын шаарынын 150 жылдыгы, Кызыл-Кыянын 120 жылдыгы жана Сузак районун 100 жылдыктары турат. Депутаттын айтымында, мамлекеттик мааракелердин минималдык ставкасы 2 миллион сомду тузөт. Бирок ал каражаттарды асманга сапырбай, аймактардагы кандай көйгөйлөрдү чечсе болот?