09.10.2019 10:15

«Манас» аэропортунда Ошко уча турган каттамдар токтотулду (видео)

«Манас» аэропортунда Ошко уча турган каттамдар токтотулду (видео)

«Манас» аэропортунда бүгүн Бишкек-Ош каттамы менен уча турган 3 рейс токтотулду. Бул туурасында April.kg порталына жүргүнчүлөр билдиришти.

Күбөлөрдүн айтымында, алгач рейс бир нече сааттан кийин учат деп убадалашкан, кийин такыр токтотушканы белгилүү болгон.

Аэропорттун маалымат кызматынан каттамдар токтотулганын тастыкташты. Маалыматка караганда, бул техникалык себептерге байланыштуу. Бардыгы болуп, бүгүн «Эйр Манас» аба компаниясы жүргүзө турган Бишкек-Ош каттамынын 3 рейси токтотулду. Учактар качан болоору айтылган жок.  

«Эйр Манас» авиакомпаниясы бул жагдай боюнча азырынча комментарий бере элек.