05.02.2019 15:44

«Манас» эл аралык аба майданына «коюлган» бомба изделүүдө

«Манас» эл аралык аба майданына «коюлган» бомба изделүүдө

«Манас» эл аралык аба майданында шектүү заттардын бары-жогу текшерилүүдө. Бул туурасында УКМКдан кабарлашты. 

Мекеменин билдиришинче, бүгүн, 5-февралда саат 15:09да Улуттук коопсуздук кызматынын нөөмөт бөлүмүнө аэропортто бомба коюлганы туурасында маалымат түшкөн.  

Жерине УКМК менен ИИМдин кызматкерлери ыкчам жөнөтүлгөн. Учурда аба майданынын тегерек-четинин баары курчоого алынып, кызматкерлер менен жүргүнчүлөр чыгарылып, имарат текшерилүүдө. 

Ошондой эле, бул окуяга тиешеси бар адамдын өздүгүн аныктоо аракети көрүлүп жатат.