24.10.2018 09:10

Маркум Маматназар Жакыпбаевдин уулу: Атамдын өлүмү кокустук эмес, ал киши колдуу болду

Маркум Маматназар Жакыпбаевдин уулу: Атамдын өлүмү кокустук эмес, ал киши колдуу болду

«Атам бордюрга урунуп каза тапкан жок, аны мастар сабап өлтүрүштү», -деп жазды социалдык тармактагы баракчасында «Кыргызаэронавигация» ишканасынын директорунун орун басары   Маматназар Жакыпбаевдин уулу Азирет Жакыпбаев.

«21-октябрда Түштүк магистралда (Токтоналиев менен Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде) эки адам менин атамды өлтүрүп коюшту. Окуя болжол менен 20:00дө болгон. Ата-энем «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унаада болчу,  артынан «Лексус» келип сүзүптүр. Эки унаа тең токтоп, «Лексустан» чыккан экөө атамды унаасынан сүйрөп чыгарып, сабап баштаган. Анын кесепетинен атам ошол жерде жан берди. Экспертиза атамдын башында жаракат бар экенин көрсөттү. Тиги адамдар качып кетүүгө аракеттенип жатканда, кармалып калышты. Экөө тең мас абалында болгону такталды»,- деп жазат Жакыпбаев. 

Анын айтымында, учурда кол салгандар жазадан качуу/жумшартууга аракет кылып, Маматназар Жакыпбаев өзү кулап кетип, бордюрга башы менен тийген деп жатышат. 

Мындан улам, маркумдун уулу бул окуяга күбө болгондор болсо, байланышууну өтүнөт.