26.05.2020 16:13

Масалиевдин ордуна жаңы депутат келди

Масалиевдин ордуна жаңы депутат келди

Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын мүчөсү, депутат Исхак Масалиевдин депутаттык ыйгарым укугу мөөнөтүнөн эрте токтотулуп, мандаты алынды. Ал эми анын ордуна партиялык тизме боюнча талапкер Нургазы Айдаров депутаттык мандатка ээ болду.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия бүгүн, 26-майда өткөн отурумунда Айдаров Нургазы Абдыраевичти «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат катары каттады. Ал парламентке буга чейин өз арызынын негизиеде мандантын тапшырган Исхак Масалиевдин ордуна келди.

Нургазы Айдаровго депутаттык күбөлүк жана төш белги тапшырылды.

Жогорку Кеңештин депутаты, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын мүчөсү Исхак Масалиев өкмөттүн тоготпостугуна жана парламенттин соңку чечимдерине нааразылык иретинде мандатынан баш тартып, мөөнөтүнөн мурун ыйгарым укуктарын токтото турганын жарыялаган.

Н.Айдаров Жогорку Кеңештин депутаты Салайдин Айдаровдун («Кыргызстан») бир тууганы экени айтылат.