19.12.2019 10:05

Матраимовдордун ММКларга карата жазган арызы боюнча алгачкы соттук отурум бүгүн өтөт

Матраимовдордун ММКларга карата жазган арызы боюнча алгачкы соттук отурум бүгүн өтөт

Матраимовдордун үй-бүлөсү ЖМКларга жана журналисттерге карата жазган арызы бүгүн, 19-декабрда саат 14:00 каралат. Бул тууралуу “Медиа полиси” уюму билдирет.

Маалыматка караганда, ишти Свердлов райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова карай турганын Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирдген.

Эске салсак, 9-декабрда Матраимовдор жалпысынан үч басылмага жана журналистке каршы арыз жазышкан. Алар «Азаттык» радиосуна, кабарчы Али Токтакуновго, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарына  жалпы суммасы 60 миллион сомдук доо артышкан.

Кесепетинде Бишкектин Свердлов райондук соту басылмалардын банк эсептерин камакка койгон. Кийинчерээк Матраимовдордун адвокатынын арызынын негизинде эсептер кайра камактан чыгарылган.

Эске салсак, 21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланган.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу товарларды туура эмес көрсөтүү жана башка системалар менен өлкөгө миллиондогон акча мыйзамсыз кирип-чыгып турганы тууралуу маалыматтар жарыяланган.