31.05.2019 17:47

Матраимовдун кан басымы көтөрүлүп, ооруканага түштү

Матраимовдун кан басымы көтөрүлүп, ооруканага түштү

Искендер Матраимовдун кан басымы көтөрүлүп, ооруканага түштү. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты, Райымбек Матраимовдун агасынын сөзүнө таянып, «Вечерний Бишкек» жазып чыкты. 

«Үчүнчү күн болду, кан басымым бир көтөрүлүп, бир түшүп ооруканадамын. Азырынча эч нерсе айтып бере албайм. Тамчылатма дары алып жатам», – деген Искендер Матраимов кийинчерээк коомчулук кызыгып жаткан суроолордун баарына жооп берерин билдирген. 

Эскерте кетсек, 29-майда «Азаттык» Кыргызстандан чыгарылып кетти делген 700 млн. доллар тууралуу иликтөөсүн жарыялаган. Анда бул ишке Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн тиешеси бар экени айтылган.