21.06.2018 13:12

Маянасын ала албаган кыргыз курулушчулары иш ташташты

Маянасын ала албаган кыргыз курулушчулары иш ташташты

Россиянын Сахалин шаарындагы  РЭС-2 курулушунда  иштеп жаткан кыргызстандык 70 жумушчу иш таштады. Буга айлык маянаны берүү создуктурулганы себеп болгон. Бул туурасында Sakhalin.info билдирди.

Маалыматка караганда, келишим боюнча жумушчуларга ар айдын 15инде айлык акы төлөө каралган. Бирок, 16-июнь күнү апрель айы үчүн гана ала алышкан. Мындан улам, иш таштоого барышкан.  

«Бизге бүгүн жумуштан юрист чалып: «Иштебесеңер курулуштан чыгып кеткиле, тамак да бербейбиз»,- деп коркутту. Орточо айлыгыбыз 45-80 миң рубль болчу», — деп билдирген жумушчулардын бири. 

Бул убакыт ичинде бир нече адам жумуштан бошонуп кеткен. Айрымдары маянасын  күтпөй башка шаарга жумуш издеп кеткен. Башкалары айлыктын берилишин күтүүгө аргасыз. Бүгүн алар Кыргызстандын Түштүк-Сахалиндеги Ардактуу консулдугуна кайрылышып, жардам сурашты. 

Жумушчуларды иштетип жаткан «Гидромонтаж» акционердик коомунун жетекчиси Алексей Прокопенко айлык акыннын кечиктирилишин планды толтурбоо менен байланыштырды. Айтымында, иш алдыга жылса, акча өз убагында берилип баштайт. Учурда башкы подрядчик жумушчуларга аванс берүүгө даяр. Ал эми толук маяна 28-июнга чейин берилет. 

Бул факт боюнча Сахалин облустук прокуратурасы текшерүү жүргүзүп, анын жыйынтыгында  мыйзам бузуулардын бары-жогуна юридикалык баа берилет.