Майып балдардын апасы: Айыл өкмөттөгүлөр мени да, Жогорку Кеңеш төрагасын да алдап кетишти

Майып балдардын апасы:  Айыл өкмөттөгүлөр мени да, Жогорку Кеңеш төрагасын да алдап кетишти

Бийликтен жер сурап кайрылган майып балдардын апасына айыл өкмөт жашоого жараксыз жерден тилке берип койду. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта Мээрим Султанбек кызы April.kg порталына билдирди.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында жашап жаткан бул үй-бүлөнүн абалы тууралуу буга чейин бир катар ЖМКлар жазып чыгышкан. Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков аларга жер тилке бөлдүртүп берүүнү убадалап, үйлөрүнө барып кеткен.

«Кайрымдуу бир адамдын батиринде 10 жылдан бери акы төлөбөй жашап келатабыз. Батир 2-кабатта болгондуктан, балдарымды таза абага чыгаруу оор болуп жатат. Чыгарган күндө дагы, чоңоюп калган балдар элден уялат экен. Кээси тыйын таштап кетсе, басынышат экен. Мындан улам, эки жылдан бери тышка чыкпай, үйдө кысылып отурушат. Жер тилкебиз болуп, үй салып алсак, өзүбүздүн корообуз болот эле, балдар кенен тышка чыгат эле деген ой менен жардам сурап кайрылганбыз. 2018-жылдын февралында Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков кабарыбызды угуп келип кеткен. Анын келерин уккан айыл өкмөттөгүлөр бизге жер бермей болушуп, «төрагага алчу жерибизди көрдүк деп айтып койгулачы» деп суранышкан эле. Биз бир чети аларга ишенип, экинчи жагынан бир айылда тургандан кийин жок дегенден коркуп, макул болгонбуз. Ошентип, былтыр күзүндө жер беришти. Барсак, Кызыл-Суудан ылдый сырзаводго кеткен жакта саркынды суулар топтолгон жер бар, мурда мектептин канализациясы да ошол жерге коюлган экен, ошол жактан бөлүшүптүр. Кышында да анча билинбейт, күн жылып баштаганда эле сасыйт экен. Жайдын күнү жытына адам чыдагыс», -дейт Мээрим. 

Ошентип, өзүнчө үй салып, балдарымды таза абага чыгарып турам деген тилегин таш каап, учурда төрагага үнүн жеткире албай жатканын айтат. «Элдер ал жерге үй салган менен, бекер убара болосуңар деп жатышат. Жерди сатып, башка жактан алалы десек, же эч ким албайт. Айыл өкмөтүнө ал жерди алмаштырып бергиле деп кайра кайрылсак, силер мынте берсеңер баарынан куру жалак каласыңар деп коркутуп жатышат.  Жер адиси «билген жериңе бар, башка бере турган жерим жок» деп койду. Төрагага кирип, жардам сурайын десем, киргизбей жатышат», -дейт ал. 

Мээрим Султанбек кызынын айтымында, биринчи турмушунан 4 баласы бар: эки уул, эки кыз. Учурда 16, 14 жашка чыгып калган уулдары төрөлгөндө алты саны аман төрөлгөн. «Балдарымдын атасы 33 жашында инсульт болуп каза тапты. Ошондон кийин эле жакшынакай басып жүргөн балдарым баспай калды. Дарыгерлер так диагноз кое алышкан жок. Нервден, стресстен улам болушу мүмкүн дешти. Азыр аларга аябай камкордук керек. Өз алдынча жадагалса стакандагы сууну алып иче алышпайт. Бирок, баса алышпаганы менен зээндүү. Мектептен мугалимдер келип окутуп кетишет, сабакка аябай кызыгышат. Балдарды көтөрүп кароо улам оордошуп баратканынан жардам болор деген үмүт менен экинчи ирет турмуш кургам. Азыр ал күйөөмөн 1 жаш 5 айлык бир кызым бар. Күйөөмдүн туруктуу иштеген иши жок, күнүмдүк бирөөнүн оокатын кылып акча табат,  балдарды караганга жардамдашат.  Өзүм омурткаман грыжа болуп, оор көтөргөнгө болбойт, операция керек деп жатышат», -деп билдирди Мээрим Султанбек кызы. 

Үй-бүлөгө жардам берүүнү каалагандар 0700 30 03 84, 0771 64 30 83 (Элсом) номерине чалып, Мээрим менен байланышсаңыздар болот.