Майып балдардын ата-энелери балдарына төлөнүүчү жөлөкпулду көбөйтүүнү суранышат
Бүгүн Жогорку Кеңештин имаратынын алдында майып балдардын ата-энелери катышкан митинг өтөт. Буга карата "Жаңырык" улуттук тармагы кайрылуу таратууда.
Митингдин максаты – ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жана алардын ата-энелеринин көйгөйлөрүнө бийликтин жана коомчулуктун көнүлүн буруу.
Негизги сунуш - майып баланы карап үйдө отурган энелериндин эмгегин таануу жана 18 жашка чейинки жана 18 жаштан кийин майып балдардын жөлөкпулун жогорулатуу.
"Майып бала бар үйдө энелер баласын күнү-түнү кароого аргасыз болгондуктан, жумушка чыгууга шарты жок. Көп учурларда мындай үй-бүлөлөр толук эмес, диагнозду уккан аталар баладан баш тартат. Көп үй-бүлөлөр баласынын майыптыгы үчүн мамлекет тарабынан төлөнүүчү жөлөкпулга жашайт", -деп айтылат кайрылууда. Мында каражат баланын дары-дармеги эмес, күнүмдүк тамак-ашка коротулат.
Мындан улам, 37 коомдук уюмдан турган «Жанырык» улуттук тармагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдаргга жана алардын ата-энелерине колдоо көрсөтүү максатында Өкмөттөн жана ЖК депутаттарынан майыптык жөлөк пулдун өлчөмүн көбөйтүүнү суранып, кайрылуу жолдошкон,
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: