29.01.2019 15:24

Майып балдардын ата-энеси айлык алуу үчүн кандай документтер керек?

Майып балдардын ата-энеси айлык алуу үчүн кандай документтер керек?

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарын баккан ата-энелерге айлык берүү боюнча токтом өткөн жылдын ноябрында эле чыккан. А бирок мыйзамды ишке ашыруу процесси толук кандуу иштелип чыкпагандыктан, мүчүлүштүктөргө толо. Ата-энелер кайда жана эң башкысы кайсы документтерди тапшыруу керектигин билбей убара. Бир мекеме экинчи мекемеге жөнөтүп, жоопкерчиликти моюнуна ала тургандар жок.