27.08.2018 16:15

Майлуу-Сууда токко урунган жоокер экинчи колунан да айрылышы мүмкүн

Майлуу-Сууда токко урунган жоокер экинчи колунан да айрылышы мүмкүн

Майлуу-Сууда токко тартылып, бир колунан ажыраган №30295 аскер бөлүктүн жоокери экинчи колунан да айрылышы мүмкүн. Бүгүн-эртең бир чечимге келүү үчүн дарыгерлер консилиум өткөрөт. Бул туурасында kaktus.media Бишкек шаардык травмотология жана ортопедия илим изилдөө борборуна караштуу күйүктөр борборунун жетекчисине таянып, жазып чыкты.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы №30295 аскер бөлүктө 22 жаштагы  Руслан Сапарбаев аттуу жоокер кызматындагы бир күндүк нөөмөт учурунда электр тогунун көмөк чордонунун аймагына кирген. Жыйынтыгында, электр тогунун соккусуна дуушар болгон. Эки колунун учтары толугу менен күйгөн аскер кызматчысы Майлуу-Суу шаарындагы, андан соң Ош шаарындагы ооруканаларга дароо жеткирилген, кийинчерээк Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедиянын күйүк борборуна которулуп, ал жерден оң колу чыканакка чейин ампутацияланган. Сол колунун бармагы түшүп калып, сөөгү да катуу жабыркагандыктан, сактап калуу күмөндүү экени айтылган. 

Жакындары жоокер көмөк чордондун аймагына чымчыктын жерге түшүп калган жумурткасын кайра ордуна коюп коюу үчүн киргенин айтышкан.