19.02.2019 17:46

Майрамбек Осмонов: Азыркы ырчыларды ширеңкенин талына окшоштурам

Майрамбек Осмонов: Азыркы ырчыларды ширеңкенин талына окшоштурам

КР эмгек сиңирген артисти Майрамбек Осмонов «Апрель» телеканалынын «Кеп көөрүк» берүүсүнө кеңири маек куруп берди. Назарыңыздарга маектен үзүндү сунуштайбыз. 

Ырчы, обончу, тамада өз  чыгармачылыгы, азыркы шоу-бизнестин абалы, саясат жөнүндө кеп кылды. 

— «Мамлекеттик сыйлыктар өлүм сыяктуу - бирине эрте келет, экинчисине кеч келет» деп айтканыңыз бар. Көптөрү азыр сыйлыкты жаштарга берип жатканын айтышууда. Сиздин оюңуз?

— Биз алып жаткан учурда Түгөлбай Казаков министр болчу. Мага сыйлык ал кишинин демилгеси менен берилген жок. Көпчүлүк «Казаков келгенде Майрамбек сыйлык алды» деп айтышат. Жок. Мен Атамбаевди көп туурап, ал жөнүндө жаман сөз айткан эмесмин. Себеби, мен ошол кишинин колунан сыйлык алгам. Кийин сураштырганымда, «Элмирбек Иманалиев экөөңөргө ошол кишинин өзүнүн инициативасы менен берилди» деп айтышкан. Министрлик ошол убакта «бизсиз эч качан сыйлык берилбейт» деп айтып жүрдү. Кийин кайсы бир ырчы кызга сыйлык берилгенде «бизсиз эле берип койду» деп эки анжы ойлорун айтып журтка жек көрүндү болуп чыгышты. 

—Муса, Токтогул Сатылганов сыяктуу илгерки муунду айтсак, алар Күн сыяктуу, Ай сыяктуу - аларды эч  ким барып бурап өчүрө албайт, сурап өчүрө албайт, курап жасай албайт. Кудай Таала Күндү өзү чыгарат, кайра өзү батырат. Бул - улуу муун. Ортоңку муун - бизбиз. Биз мына бул лампочка сыяктуубуз. Күйүп кетебиз кээде. Аны кайра которуп, алмаштырып койсо болот. Ал эми, азыркылардын көпчүлүгүн ширеңкенин талына окшоштурам. Чагасың, аны үфф деп үйлөштүн деле кереги жок, кичине кармап турсаң, өзү эле желге өчүп калат, - дейт Майрамбек Осмонов. 

Бирок, анын айтымында, ар бир тармакта начарлары болуп турганы жакшы - начар саясатчы, начар ырчы, начар тигүүчү, же начар аял. Болбосо, жакшылардын кадыры билинбей калат.  

Кеңири маекти бүгүн саат 21:00дө «Апрель» телеканалынын «Кеп көөрүк» берүүсүнөн көрө аласыздар.