14.11.2019 15:15

«Медиа Полиси институту»: Акыркы күндөрү Facebook социалдык тармагында троллдор кайра жанданды

«Медиа Полиси институту»: Акыркы күндөрү Facebook социалдык тармагында троллдор кайра жанданды

Акыркы күндөру Фейсбук социалдык тармагында троллдор кайра жанданды. Бул тууралуу «Медиа Полиси институту» билдирди.

Алардын маалыматына караганда, Kaktus.Media сайтынын Фейсбукта жарыяланган «Түркияда кытайлык ишкер өлдү. Анын ысымын Матраимовдордун бизнеси менен байланыштырышкан» деген макаласынын астына 15 комментарий жазылган. Алардын төрттө фейк аккаунттар экени аныкталган:  

«Ал ишкердин душмандары болсо керек, жана ал сөзсүз эле Матраимов эмес».

Азамат Шигаев.

«Ал ишкердин кантип душмандары болбосун?» 

Мырзагуль Апылова.

«Анын өлүмү ишкерлиги менен байланыштуу».

Альбина Шайбекова.

Дал ушул аккаунттар Азаттыктын операторуна кол салуу болгондо Матраимовду колдогон комментарий жазышкан. 

«Биз бул аккаунттардын биринчи макаласы качан жазылганын карап чыктык. Баары тең жакында эле, 2019-жылдын май-июль айларында жазылыптыр. Бул аталган аккаунттар дал ушул убакыт аралыгында түзүлгөнүнөн кабар берет. Жана бул убакыт ЖМКлар жазып баштаган конкреттүү бир темага карата фейк аккаунттар жанданган учурга дал келет», -деп жазат Медиа Полиси институту.

«Медиа Полиси Институту» мындай анализ интернет колдонуучулардын медиа сабаттуулугун жогорулатуу, фейк аккаунттарды айырмалай билүүсү үчүн жасалып жатканын билдирет.