13.03.2020 13:11

Медиа сабаттуулук: Евробиримдик кыргыз журналисттери үчүн жаны долбоор баштады

Медиа сабаттуулук: Евробиримдик кыргыз журналисттери үчүн жаны долбоор баштады

Күн мурун, 12-мартта Кыргызстанда медиа тармагындагы реформаларды колдоого багытталган «Медиа Диалог» аттуу долбоор башталды. Анын башталыш аземине эл аралык уюмдардын, өкмөттүн, парламенттин, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, журналисттер катышты.

Анда Европа Биримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэр Кыргызстан аймакта демократиялык өзгөрүүлөр боюнча салыштырмалуу жакшы абалда экенин белгилеп, алдыдагы парламенттик шайлоо медиа тармактын өнүгүшү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк деп билдирди.

«Медиа Диалог» долбоорун Евробиримдик каржылайт. Ал медианын туруктуу өнүгүшүн , журналисттердин кесиптик өнүгүшүнө шарт түзүү, шайлоону чагылдырууга көмөктөшүү жаатында долбоорлорду колдойт.

Долбоорду Демократия үчүн Европа өнөктөштүгү, «Медиа Полиси Институту», Вестминстер фонду, Европанын жергиликтүү демократия ассоциациясы жана ARTICLE 19 уюмдары ишке ашырат.