20.12.2018 11:21

Кабарчыларды капа кылган Сооронбай Жээнбековдун маалымат жыйыны

Кабарчыларды капа кылган Сооронбай Жээнбековдун маалымат жыйыны

Кечээки күндүн негизги темасы президент Сооронбай Жээнбековдун алгачкы чоң маалымат жыйыны болду.

Көптөн күткөн жолугушууга канааатанбай калгандар арбын. Пресс-конференция дегенде эле ызы чуудан башталды. Анткени, маалымат жыйындын иш тартибин басма-сөз кызматы толугу менен өзгөртүп салган. Көптөгөн журналисттер камдап жургөн суроолорун бере албай кайтышты.