28.04.2020 16:00

Равшан Жээнбеков: Азыркы бийликти сындаганым үчүн кысым көрсөтүшүүдө

Равшан Жээнбеков: Азыркы бийликти сындаганым үчүн кысым көрсөтүшүүдө

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков ага көрсөтүлүп жаткан кысым тууралуу билдирүү жасады. Анын айтымында Бишкектеги №1 абакта анын массалык маалымат каражаттарына берген интервьюларын тыюуу максатында укугун чектеп жатышат.

Саясатчы билдиргендей, анын ЖМКларга берген маектери оппозициялык жана азыркы бийликтин алсыздыгын сындаган өңүттө айтылган.

“Алсак, ЖАМКтын төрагасы Мелис Турганбаевдин буйругу менен киргизилген чектөөлөргө ылайык, бир айдан ашык убакыттан бери жакын туугандарым менен көрүшө элекмин. Эми алар менен кат алышууга дагы тыюуу салып коюшту. Мен муну мага карата көрсөтүлгөн моралдык басым катары баалайм. Көрсө азыркы бийликтин дарегине сын-пикирлеримди токтотуш үчүн ушундай чара көрүлүп жатыптыр”, - дейт Садыр Жапаров.

Айтымында, дүйнөлүк практикада мындай чаралар ырайымсыз кыйноо катары кабыл алынат.

“Соттук процесстер жүрүп жатат, бирок биздин жактоочуларды №1-абакка киргизбей жатышат. Биз кантип өзүбүздү жактай алабыз? Биздин республиканын мыйзамына ылайык, жактоочунун жардамын чектебеши керек эле. Бирок ЖАМКтын төрагасы өзүнүн чечими менен жактоочуларыбыз менен көрүшүүгө тыюуу салып койду”, - деп билдирет саясатчы.

Сөзүнүн акырында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бул мыйзам бузууларга көңүл буруп, ЖАМК жана судьялардын аракетине юридикалык баа бериши керек деген пикирин калтырган.

Эске салсак, Равшан Жээнбеков өткөн жылдын 12-декабрында камакка алынган. Ал 7-8-августтагы Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, адамдарды барымтага алуу жана массалык башаламандык уюштуруу беренелери боюнча шектелүүдө.