06.04.2019 16:04

«Медиа-Форум» имаратынын алдында эртең Апрель Революциясынын баатырлары эскерилет

«Медиа-Форум» имаратынын алдында эртең Апрель Революциясынын баатырлары эскерилет

Эртең, 7-апрелде «Медиа-Форум» имаратынын алдында Апрель Революциясынын баатырлары эскерилет. Бул туурасында КСДПдан билдиришти.

Элдик революциясынын 9 жылдыгына арналган иш чара саат 12.30да башталат. Эскерүү митингинен кийин курман болгондорго багышталып куран окутулат.

Салт болуп калгандай, иш-чарага бардык каалоочулар чакырылат. Митинг-реквиемде экс-президент Алмазбек Атамбаев жана башка коомдук жана саясий ишмерлер, курман болгондордун жакындары түзгөн коомдук бирикме өкүлдөрү сөз сүйлөйт.