08.06.2019 11:21

«Медиа-форумдун» алдында «Коррупция менен реалдуу күрөш үчүн» тынч митинги өттү (тексттик трансляция)

«Медиа-форумдун» алдында «Коррупция менен реалдуу күрөш үчүн» тынч митинги өттү (тексттик трансляция)

Бүгүн, 8-июнда «Медиа-форум» имаратынын алдында саат 11:00дө «Коррупция менен реалдуу күрөш үчүн» тынч митинги өттү. Ага Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев КСДП мүчөлөрү, башка саясий партиялардын, коомдук кыймылдардын, бейөкмөт уюмдардын лидерлери катышты. 

Алгач КСДП төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаева сүйлөп, бийликке бул митинг өтөөрү тууралуу мындан 2 ай мурун эле кабар берилгенин айтты. Анын айтымында, бүгүнкү иш-чара тынч мүнөздө өтөт. Кундуз Жолдубаева ошондой эле эл арасында «Атамбаев митингге келгендерге акча берип жатыптыр» деген жалган сөздөр тарап жатканын айтып, элден «сиздер акча үчүн келдиңиздерби?” деп сурады.

11:23. КСДП мүчөсү, журналист Мирбек Айтикеев сөз алды. Ал митингдин негизги максаты бийликтен коррупция менен реалдуу күрөштү талап кылуу экенин билдирди. Анын айтымында, азыркы камоолорду коррупция менен күрөш катары баалаганга болбойт. Экс-президенттин жан сакчысы Дамир Мусакеевдин тездик менен 5 жылга камалып кеткенин, мурунку баш прокурор Аида Салянованын камакка алынганын мисал кылды. 

«Бул эки инсандын эң чоң күнөөсү экс-президенттин учурунда бирөө башкы прокурор, бирөө жан сакчы болгону болду. Алардын өз принцибинен тайбай иштегени болду. Ушуну  коррупция менен чыныгы күрөш  деп атоого макулсуңарбы? Коррупция менен күрөшөм десе, бийлик жанындагылардан башташ керек. Бүгүнкү бийлик менен коюн-колтук алышып жүргөндөр, кечээ күнкү спонсору, бүгүнкү эң таанымал, Кыргызстанда коррупциянын символу болгон, элдин баары билип калган адамдын камалганына күбө болдуңарбы? Жок. Анын ордуна ал киши Кара-Сууда Көкөтөйдүн ашындай болгон той  берип жатат. Элдин талабы тебеленип жатат. Журналисттердин иликтөөлөрү боюнча бийлик унчукпай жатат. Кеткенден кийин жамандабай, бийликтен азыр талап кылышыбыз керек. Сооронбай Жээнбековдо реформа жасаганга 1,5 жыл шансы болду. Бирок, ошол убакыт ичинде көрүнүктүү иш кылдыбы? Анын ордуна жөнөкөй жүргүнчүлөр учкан учак менен учту. Кол чатырын өзү көтөрдү. Баары аны ыймандуу экен деп калышты. Бирок, бул - арзан пиар. Бирок, азыр жөнөкөй адамдар менен кошо учпай калган. Биз баарыбыз жакшы жашоого укуктуубуз. Биз өнүгүүнү дагы 5, 10 жыл күтө албайбыз. Бизге өзгөрүү бүгүн керек. Азыр баары президенттин колунда, парламент дагы, соттор дагы. Биз муну өзгөртүшүбүз керек, бизге жаңылануу бүгүн керек. Биз тынчтык жолу менен Кыргызстандагы саясий элитаны алмаштырышыбыз керек. Бажалардын, кудалардын, спонсорлордун Кыргызстанды менчиктештирип алышына жол бербешибиз керек. Саясий элитаны алмаштыруучу учур келди», -деди Айтикеев.

11:35 Укук коргоочу, жарандык активист Нурбек Токтакунов сөз алды. Ал элди сотторго, мугалимдерге, аткаминерлерге пара берүү адатынан арылууга чакырды. Ошондой эле, ЖЭБди жаңылоо иши боюнча ачылган кылмыш ишине токтолду. «ЖЭБ боюнча иш башынан бери туңгуюкта турат. ЖЭБди жаңылоодо эл аралык келишимдердин баары мыйзам чегинде кабыл алынган. Аны 3 комитет кабыл алып,  «келишим Кыргызстанга пайдалуу» деген чечим чыгарышкан. Эми болсо, Сапар Исаковду ЖЭБди жаңылоого келишим түздү деп айыптап бир жылдан бери камакта кармап жатышат. Анын эч күнөөсү жок.  Бул келишимди 90 депутат колдоп берген, эмнеге алар жооп бербейт? Сапар Исаков алардын башына тапанча такап добуш бердириптирби? Азыр коррупция менен күрөш жүрбөй эле, «Коррупция» деген беренеге такап алып, саясий душмандарын камап жатат. УКМКнын эч далили жок.  Кээ бирөөлөрдү жөн гана камап алып, башкаларга каршы жалган көрсөтмө берүүгө мажбурлап жатышат», -деди Токтакунов.

11:50 Салайдин Авазовдун айылдашы, Жалал-Абад шаарынын тургуну сөз алды. Ал азыркы бийликтин режимин Сталиндин учурундагы репрессияга салыштырды.«Азыр ЖЭБ боюнча  камалып отургандардын күнөөсү жок экенин үйдө отурган кожойкелер деле түшүнүп калды. Жалал-Абаддан азыркы бийликке нааразы болгондор көп. Бирок, жумуштан алып коет деп коркуп,  бүгүнкү митингге келе алышкан жок»,- деди ал.

11:55 Экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов жана президенттин мурунку кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун жактоочусу Сергей Слесарев сөз алды. Ал сот отурумдары одоно мыйзам бузуулар менен өтүп жатканын айтты. Анын айтымында, эки мэр тең күнөөсү жок отурат. «Албек Ибраимов да, Кубанычбек Кулматов да мыйзамсыз кармалып турушат. Экөө тең эч күнөөсү жок экенин далилдөөгө даяр. Биз аларга жардам беришибиз керек», -деди Слесарев.

12:00 Митингди алып барып жаткан Кундуз Жолдубаева иш-чараны үзгүлтүккө учуратууга аракет кылгандар бар экенин, ал укук коргоо органдарынын кызматкери экени тууралуу маалымат алганын билдирди.

12:02 Мамлекеттик күзөт кызматынын мурунку жетекчиси, «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен 5 жылга кесилип кеткен Дамир Мусакеевдин тууганы, Тоң районунун тургуну сөз алды. Ал Мусакеевдин күнөөсү бар экенине айыл эли ишенбей турганын билдирди. Ошондой эле, Ысык-Көл облусуна бийлик тараптан көңүл бөлүнбөй жатканына дагы токтоло кетти. 

12:09 Медиа эксперт Гүлнура Төралиева сөз алды. «Азыр журналисттер менен жарандык активисттер гана коррупция менен күрөшүп жатышат. Буга жардам берип, башында турам деген президенттин иш-аракетин көрбөй турабыз. Эмнеге ошол эле Райым-миллиондун байлыктарын 6 айдан бери текшерип бүтө албай жатышат. Же ошончолук көптүгүнөн санап түгөтө албай жатышабы?»- деди Төралиева. Ал ошондой эле, мыйзам иштебей жатканын айтты. «Эгер бизде мыйзам иштей турган болсо, соттор мыйзамдуу иш алып бара турган болсо, анда биринчилерден болуп Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматов эркиндикке чыкмак. Дамир Мусакеев  дагы жөнөкөй жаран. Анын дагы күнөөсү бар экенине ишенбейм»,- деди ал. Ал ошондой эле, КТРКдан туура эмес маалыматтар кетип жатканын билдирди. «Биз байкоо жүргүзүп көрсөк, КТРК күн сайын жок дегенде 5 мүнөт Атамбаевдин убагында иштеген кишилерди каралаган материалдарды чыгарат экен. Ал эми Сооронбай Жээнбековду иштеп жатат деп макташат. Элге акыйкат маалымат жеткиришибиз керек. Бирок, ошол акыйкаттыкты жеткирүүчү журналисттерге кысым болуп жатат», -деди медиа эксперт. 

12:20 Арашан айылынын тургуну сөз алды. «Президент өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп, Ысык-Атада 100 гектардан ашык жер тилкесин кантип алганын айтып берсин?» -деди ал. Кубанычбек Кулматов менен Сапар Исаковдун тарапташтары сөз алып, коррупция менен чыныгы күрөш болбой жатканын, трайбалисттик күрөш болуп жатканын билдиришти. Камактагы Жантөрө Сатыбалдиевдин Москвада жашаган агасы митингге катышуу үчүн келе жатып, чек арада кармалып, жетишпей калганы айтылды. 

12:34 Экс-президент Алмазбек Атамбаев сөз алды. «Бүгүнкү күнү, тилекке каршы, көпчүлүк саясатчылар Сооронбай Жээнбековдун бийлиги кимди болбосун камап салууга даяр экенин көрүп жашынып жатышат. Ал чынында эле баарын камап жатат, биринчи кезекте, эч айыбы жоктор камалууда. Эки ай мурун ушул жерде митинг өткөрүп, резолюция кабыл алып, бийликке эскертүү берген элек.  Сооронбай Жээнбеков кандайдыр-бир чара кабыл алат деп ойлогонбуз. Тескерисинче, ал жинденип, Дамир Мусакеевди жок жерден мыйзамсыз баюуга айыптап, коррупция деп камап салды. Ошол эле убакта Жээнбековдор Матраимовдор, Келдибеков жана ошого окшогон мультимиллионерлер менен тойлоп-чардап жүрүшөт. Коррупция менен күрөшүп жаткан түр көрсөтүү - коррупциянын өзүнөн да коркунучтуу.  Анткени, адамдар күрөш жүрүп жатат деп ишенип отурганда, бийлик өз каалаганын кыла берет. Чындап эле, бир жылдан ашык убакыт жөнөкөй эл Жээнбеков коррупция менен күрөшүп жатат деп ишенип отурду. Бирок, эл мендей эмес. Мени 24 жыл алдап, адаштырып жүргөндөй элди алдай албайсың. Элдер Жээнбековдордун кланы өздөрүнө туура келбегендерди  жумушунан бошотуп, ордуна өз туугандарын, досторун отургузуп жатканын көрүп жатышат. Жээнбековдун жактоочулары мени «бийликке жанталашып жатат,  Жээнбековду иштетпей жатат»  деп чыгышты, эгер мен бийликке умтулсам, эгер мага бийлик керек болсо, президенттиктен кетпей коет элем, референдум жолу менен 2-мөөнөткө шайланганга укук алып алат элем. Менде башка идея бар эле. Жаш өкмөт келсе дегем жана аларды алып келгем», -деди экс-президент.

Ал ошондой эле, тарапташтарынын камалганына токтолду. «Сапар Исаков менен Кулматовду бир күнү камакка алганы бекеринен эмес. Алардын бири Жээнбековдун досу Райым Матраимовду кызматтан алса, экинчиси – бажыдагы коррупция менен күрөшүп баштаган. Экөөнү тең ар кайсы берене менен, бирок бир күндө камап коюшту. 5-июнь күнү мага алар келип, «Алмаз байке, бизди бүгүн камаган атат» дешти, мен «күнөөңөр барбы?» дедим. Алар жок экенин айтышты, мен деле билем да, алардын күнөөсү жок экенин, камап коет деп ишенген эмесмин», - деди Атамбаев.

«Айрым учурда КТРКнын эфирин карап калсаң, «Мурунку бийлик баарына күнөөлүү»  деп жатышкан болот.  1-декабрда мен президент кызматына киришкем. Ошол эле айда Асылбек Жээнбеков парламенттин төрагасы болуп шайланган. Ал менден кийинки эле мамлекеттеги экинчи адам болчу. Мен алты жыл президент болуп турсам, Асылбек Жээнбеков 4,5 жыл төрага болуп турду. Сооронбай Жээнбеков болсо, 2010-жылдан бери Ош облусунун губернатору болуп турду. Ал жерде эң ири бажы бар. Ал жөн гана губернатор эмес болчу, парламент төрагасынын улуу агасы, президент Атамбаевдин жакын досу  болчу. Анан кантип ал кадр тандоодо таасир этпептир? Мен алардын бардык жакка өз кишилерин коюп алганын эми көрүп жатам. Мен аны чынында эле чынчыл, ак ниет адам деп ойлогом. Ошол себептен аны президент аппаратына, премьер-министрликке, президенттикке көрсөтүп келгем. «Мурунку бийлик» деп жамандап жатканда таң калам, Жээнбековдор бул убакта каякта жүрүшүптүр? Алар менден кийинки экинчи адамдар болчу. Ошол кезде жүргөн кыңыр иштердин баары алардын арты менен болгонун эми баамдап отурам. Мени айрым ЖМКлар «Райым менен дос болчу, чай ичишип жүрчү» деп жатышат, мен аны  өмүрүмдө бир гана жолу, 2010-жылы Курсан Асановдун үйүнөн көргөм. Ал жакта көп эле киши чай куюп жүргөн, балким, арасында апасы болгондур.  Менин ал кезде башка түйшүгүм көп болчу. Же акча, же электр энергиясы жок эле, Ош-Жалал-Абад күйүп кеткен кез болчу. Мугалимдер, врачтар, милициянын айлыгы 2 миң болчу. Эми азыр 15 миңди аз деп жатышат, ооба аз, бирок, ошол кезде 2 миң алышчу. Бажыны коррупциядан тазалоо үчүн ал жакка Кулматовду мен алып барган элем, 3 айдын ичинде бажыдан түшкөн акча 3 эсе көбөйгөн. Шайлоо учурунда жана шайлоодон кийин мен канчалаган акчалар уурдалып жатканын билдим, анткени Сооронбай Жээнбековдун шайлоого 24 млн. долларды накталай алып чыкканын көрдүм. Шок болдум. Териштирип баштасак, көрсө жанымдагылар досумдан, айланамдагы адамдардан коркуп, мага айтпай жүрүшүптүр. Ошон үчүн бажыны тазалоону колго алып, ал жакка Кулматовду дайындагам. Бир жыл мурун Сапар Исаков менен Кулматовду «Райым-миллион» үчүн отургузду десем, мага эч ким ишенген эмес. Жээнбеков аларды Райымга карыз болгон үчүн отургузду», -деди.

Анын айтымында, азыр бийлик «Райым-миллиондун» ишинен элди алаксытуу үчүн, Батукаевдин ишин жанданта калды. 

«Мына, Шамил Атахановду камашты, 3 жаштагы кичинекей кызын ыйлатып, Аида Салянованы камашты. Аида Салянова канчадан бери мени жамандап жүрөт, бирок, мен анын күнөөлүү экенине ишенбейм. Кантсе да, мен аны [Салянованы] билип калдым», -деди экс-президент. 

«Мен УКМКга ишенчүмүн. Жумасына 3 жолу маалымат берчү. Бир да жолу Райым-миллион жөнүндө маалымат беришпептир. Улуттук коопсуздук комитети азыр Улуттук коркунуч комитети болуп баратат. Албетте, ал жакта да таза офицерлер иштешет. АКСти УКМКдан алып чыкпасак, булар Сооронбай Жээнбековдун элди бөлүп-жаруусуна жардам берип жатат. Максим Бакиев «Кыргызстанда 5 миллион кой бар» деп айткандай, булар бизди 6 миллион кой деп ойлоп жатышат окшойт. Биз кой эмеспиз, Жээнбековдун колхозу эмеспиз», -деди Атамбаев.

Ал ошондой эле, акыйкат иштер болуп жатканда сүйлөбөй тура албасын билдирди. «Мени сүйлөбөй үйүндө жатпайбы дешет, мен сүйлөбөсөм, ким сүйлөйт, жанагы «чимкирик» парламент сүйлөйбү? Азыркы зөөкүрлүк, өзүм билемдик токтобосо, эмкиде биз Сооронбай Жээнбековду кет деп эле чыгабыз. Кыргызстандан чыгарылып кеткен акча менен чогуу жоголсун», -деди экс-президент. 

Митингдин аягында, резолюция кабыл алмай болушту. Анын мазмуну менен КСДП төрайымынын милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин депутаты Асель Кодуранова тааныштырды.