21.09.2018 10:43

Медициналык колледждин директору акча алып жаткан жеринен кармалды

Медициналык колледждин директору акча алып жаткан жеринен кармалды

Бишкек шаарындагы медициналык колледждердин биринин директору мыйзамсыз акчалай сыйлык алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, 10-сентябрда аталган кызматка арыз менен А.Ж. аттуу кыз кайрылган. Ал медициналык колледждин директору А.Б. окууга киргизүү үчүн 25 миң сом талап кылып жатканын билдирген. Айтымында, буга чейин 30 миң берген. 

Бул факт боюнча 225-берене менен (кызматкердин мыйзамсыз сыйлык алышы) кылмыш иши козголду. 

12-сентябрда 25 миң сом алып жаткан жеринен директор колго түштү. Териштирүү иштери жүрүүдө. 

«Окуп жаткандарды буга окшогон күмөндүү сунуштарга макул болбогонго чакырабыз. Мындай учурга кабылганда дароо эле 1955 ишеним телефонуна же  (0312) 323-091, (0312) 323-707 номерлери аркылуу нөөмөтчүгө салууну суранабыз. Өзүңүздөрдүн байланыш телефондоруңарды сөзсүз калтырыш керек», - дешет Каржы полициясынан.