25.01.2019 14:48

Мээрбек Мискенбаев сурак берүүгө кеткен боюнча жок. Соцтармакта анын камалганы тууралуу айтышууда

Мээрбек Мискенбаев сурак берүүгө кеткен боюнча жок. Соцтармакта анын камалганы тууралуу айтышууда

«Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин мурунку төрагасы Мээрбек Мискенбаев эртең менен суракка кеткен боюнча жок. Мындай маалыматты Super.kg порталы анын жубайына таянуу менен жазып чыгышты. 

Анын айтымында, жолдошу бир нече күндө бери Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына сурак берүүгө барып жаткан.

«Бүгүн, 25-январда эртең менен суракка кеткен боюнча жок. Байланышка дагы чыга элек», -деп билдирген Мискенбаевдин жубайы.

Ал эми, социалдык тармактарда Мээрбек Мискенбаев менен анын орун басары Амантур Жамгырчиев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан кармалганы тууралуу маалыматтар тароодо.

Былтыр июнь айында «Айкөл Ала-Тоо» жана «Апрель баатырлары» коомдук бирикмелеринин жетекчилерине карата Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык»  беренеси боюнча кылмыш иши козголду деген маалымат чыккан.

Буга чейин былтыр март айында Мээрбек Мискенбаев «президенттин иниси Асылбек Жээнбековөзү убадалагандай парламенттеги депутаттык мандатын тапшырып, биздин катарга кошулсун» деген талапты койгон.