17.05.2019 14:24

Мээрбек Мискенбаевди белгисиздер «өлтүрүп кетебиз» деп коркутушту

Мээрбек Мискенбаевди белгисиздер «өлтүрүп кетебиз» деп коркутушту

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаевди белгисиздер «өлтүрүп кетебиз» деп коркутушту. Бул туурасында Мискенбаев өзү April.kg порталына билдирди.

Анын айтымында, кечээ телефонуна коркутуп-үркүткөн билдирүүлөр келип баштаган. Анда: «Биздин агабыз жөнүндө дагы бир жолу сүйлөй турган болсоң, өзүңдөн көр, жаназаңа жылкы алып даярданып кое бер. Башкаларды сүйлө мейли, булар саясатчылар деп түшүнөлү. Биздин агабыз сенин атаң кылбаган жакшылыктарды элге кылган. Тилиңди тыйбасаң, «итальянский галстук» кылып кетебиз», -деп жазылган.

ЖК экс-депутаты бул коркутууларды кечээ Ысык-Көл облусунун Бөкөнбаев айылында Мамлекеттик күзөт кызматынын мурунку башчысы Дамир Мусакеевди колдогон митингде сүйлөгөн сөзүнө байланыштырат.

Ал митингде Мискенбаев: «Азыркы бийликтин уяты жок. Бизде коррупция менен күрөш болбой эле, саткандардын сатпагандар менен күрөшү болуп жатат. Дамирди текшергендей, эмнеге Райымбек Матраимовду текшербейт? Алты ай болду мына, аны казбай эле турушат. Бул бийликтин көзүнө  кудалары менен туугандарынан башка эч ким көрүнбөй калды», -деп сүйлөгөн. 

Ошондой эле, Мээрбек Мискенбаев бул сыяктуу коркутуулар мурда да болуп келгенин билдирди. «2018-жылы мартта Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырсын деп айткандан тарта ар кандай коркутуп-үркүтүүлөр башталган. Кылмыш ишин да козгошкон. Артыман аңдуулар  башталган. Мен аны УКМКнын 10-бөлүмү өз ишин кылып жатат деп маани берген эмесмин. Бирок акыркы билдирүү -аша чапкандык. Бала-чакама чейин асылганы, алар тууралуу баарын билебиз деп опузалап жатканы үчүн мен эртең ИИМ жана УКМКга арызымды жазам», -деди Мээрбек Мискенбаев.