02.10.2019 16:55

Мээрбек Мискенбаевди камаганы жатышабы? Экс-депутат беш сааттан бери суракта

Мээрбек Мискенбаевди камаганы жатышабы? Экс-депутат беш сааттан бери суракта

Экс-депутат Мээрбек Мискенбаев беш сааттан бери сурактан чыга элек. Бул тууралуу April.kg порталына КСДП төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаева билдирди.

Белгилей кетсек, Мискенбаев бүгүн, 2-октябрда саат 11:00дө ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына сурак берүү үчүн кирген.

«Тергөөчүлөр аны бүгүн камакка алышаарын кыйытып жатышыптыр», -деп билдирди Жолдубаева.

Эскерте кетсек, Мээрбек Мискенбаев 7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуялар боюнча сурак берүүдө