28.03.2019 17:49

Мекендештерин алдап, кулчулукка саткан кыргыз фирмалар көбөйдү

Мекендештерин алдап, кулчулукка саткан кыргыз фирмалар көбөйдү

Акча табам деп миңдеген жарандарыбыз чет жерге кулчулукка кабылып жатышат. Алар көп учурда жаш кыздар жана жаш балдар. Адистердин айтымында, биздин өлкөдө бул көйгөй абдан тереңдеп, тамырын жайып алган.

Адам сатуу иштери боюнча алектенген шектүү фирмалардын саны өсүүдө жана үгүттөө иштери ар кандай жарнамалар аркылуу ачык эле жүрүп жатат. Видеодогу каарманыбыз 18 жыл бою Араб Эмираттарында кулчулукта жүрүп, зордук зомбулукка кабылган.