01.08.2019 11:33

Мекенинде кылмыш кылгандыгы үчүн издөөдө жүргөн кыргыз жараны Санкт-Петербургдан кармалды

Мекенинде кылмыш кылгандыгы үчүн издөөдө жүргөн кыргыз жараны Санкт-Петербургдан кармалды

Мекенинде кылмыш кылгандыгы үчүн издөөдө жүргөн кыргыз жараны Россиянын Санкт-Петербург шаарынан колго түштү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Бишкек шаарында туулган 45 жаштагы Б.А. аттуу жаран мурда КР Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинде каралган (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) кылмыш белгилери боюнча айыпталып, Бишкектин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Кийин Октябрь райондук соту айыпталуучуну өлкөдөн чыкпоого милдеттендирүү менен бошоткон. Бирок тергөө жүрүп жаткан учурда ал качып, из суутуп кеткен. Мындан улам ага издөө салынган.

Учурда издеп жаткан тарап кабарландырылып, Б.А.ны кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кыргызстанга жөнөтүү маселеси иштелип чыкты.