19.09.2018 10:32

Мексикада ичинде 157 сөөк салынган жүк ташуучу унаа табылды

Мексикада ичинде 157 сөөк салынган жүк ташуучу унаа табылды

Мексикада ичинде өлүктөр бар жүк ташуучу унаа табылды. Гвадалахара шаарынын чет жагында токтоп турган фуранын ичинде 157 сөөк болгон. Бул тууралуу Mexico Daily News жазып чыкты.

Көрсө, мамлекеттик өлүкканада орун жоктугунан 157 сөөктү унаага жүктөп коюшкан. ЖМКлардын божомолдоолорунда бул убактылуу гана чара болушу керек эле. 

Тургундар өкмөт мындай «кошуналар» тууралуу маалымат берип койбогонуна нааразы. Ошондой эле, жүк ташуучу унаадан жагымсыз жыт чыгып, айланага тарап жатканын да белгилешет.

Учурда полиция бул иш боюнча текшерүү жүргүзүүдө.