19.02.2019 09:07

Мектепке акча бербей кантип жазылса болот? Бишкекте "электрондук каттоо" долбоору иштей баштады

Мектепке акча бербей кантип жазылса болот? Бишкекте "электрондук каттоо" долбоору иштей баштады

Эми балаңызды мектепке киргизиш үчүн мурдагыдай директорго жагымдуу сүйлөп, билим берүү тармагынан тааныш издебей каласыз. Анткени "Мектептердеги электрондук каттоо" долбоору старт алды. Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, интернет аркылуу тизмеге катталып коюп, кезектин жылышына үйдөн көз салып турсаңыз болот.