23.11.2018 17:17

Мектепке пол жуугуч катары орношуу үчүн күбөлүгүн оңдогон аял 10 жылга түрмөгө кесилди

Мектепке пол жуугуч катары орношуу үчүн күбөлүгүн оңдогон аял 10 жылга түрмөгө кесилди

Грециянын прокуратурасы мектепте билим алганы тууралуу жасалма күбөлүк үчүн 10 жылга түрмөгө кесилген пол жуугуч аялдын ишин кайра карап чыгууну чечти. Бул тууралуу афиналык жаңылыктар агенттиги билдирди. 

Иштин материалдарына караганда, аял болгону 5 классстык билимге ээ болгон. Бирок, 1996-жылы Грециянын Волос (Βόλος) шаарындагы мектепте пол жуугуч кызматына өтүп жаткан сынакка катышуу үчүн 6 жылдык билими бар экенин тастыктаган күбөлүк жасап алган. Бул амалы ишке жарап, акыркы 20 жылдан бери мектепте пол жуугуч болуп иштеп келген. 

53 жаштагы аял бул кадамга барууга акчанын жетишсиздигинен жана үйдөгү балдары менен майып күйөөсүн багуу үчүн барганын түшүндүргөн.

Документтин жасалма экенин билип калып, шаардык сот аны 15 жылга абакка отургузуу өкүмүн чыгарган. Аялды «алдамчылык» жана мамлекетке 120 миң евро зыян келтирүүгө айыпташкан. Кийинчерээк аппеляциялык сот анын абакта отуруу мөөнөтүн кыскартып, 10 жылга кескен. «Кылмышкер» жаза мөөнөтүн өтөө үчүн Фивы шаарындагы абакка жеткирилген. 

Соттун  чечими Грецияда катуу резонанс жаратты. Коомдук уюмдар аялга өтө катаал жаза берилгенине нааразы болуп чыгышты. Алар аялдын аракетинде эч кандай коркунучтуу нерсе болбогонун жана бул жолго каржылык жактан кыйналгандыктан барганын айтып чыгышты. Мындан улам,  Грециянын Ареопагынын Башкы прокурору Ксени Димитриу өкүмдү жокко чыгаруу процессин баштоо үчүн соттон документтерди талап кылды. Ал ошондой эле, катаал жаза чыгарган сотторго дисциплинардык жаза берүү мүмкүнчүлүктөрүн карап көрмөкчү.