28.12.2018 15:55

Мелис Аспеков: Мурат Суталинов түрмөдөн чыгыш үчүн «өлүмүш» болуп жатат

Мелис Аспеков: Мурат Суталинов түрмөдөн чыгыш үчүн «өлүмүш» болуп жатат

«Мен 2016-жылы №47 абакта Мурат Суталинов менен чогуу бир нече ай отуруп калдым. Ал чекчү, арак  иччү,  алдына келгенди жеп, 100 килограммдык штанганы көтөрчү. 2016-жылдын жай айларында анын ден соолугу өгүздүкүндөй болчу». Бул туурасында жарандык активист Мелис Аспеков өзүнүн Фейсбуктагы баракчасында жазып чыкты. 

«Менин «бир бөйрөгүңүз жокпу» деген суроомо ал мыскылдап күлүп койгон. «Баары сизди жакында өлөт деп ойлоп алышыптыр, кантип ушунча арыктадыңыз?» деген экинчи суроомо, чекист үчүн бул кеп эмес экенин айткан. Анан жакында ооруп аткан киши катары эркиндикке чыгаарын билдирген. «Боштондукка чыгуу үчүн «миллион» доллар төлөй аласызбы?» деген үчүнчү суроомо, ал - бир чалуу менен бул ишти бүтүрүп коем деген эле. Менимче, анын эки бөйрөгү тең ордунда», -деп жазат Аспеков. 

Активисттин пикиринде, Суталинов башка жемкорлор сыяктуу эле коррупцияга малынган адам.

«Өтө куу киши. Албетте, миллиондору менен көптөрдү сатып алат. Андыктан, ишенимдүү адамдардан турган комиссия түзүүнү сунуштайм. Бул сөздөрүм үчүн Суталиновдун чыныгы жүзүн билбегендер мени сындап чыгаар, бирок, мен чындыкты айтышым керек», - деп билдирет Мелис Аспеков.

Эскерте кетсек, 2015-жылдын июнунда Мелис Аспеков «Бейбаштык» беренеси менен соттолуп, 5 жылга кесилген. 2016-жылы чындап эле, №47 абакта жазасын өтөгөн, кийин жатак абакка которулган. 

Мурат Суталинов дагы учурда №47 абакта жазасын өтөп жатат. УКМКнын мурунку жетекчиси 2010-жылдагы апрель окуяларына тиешеси бар деп табылып, 20 жылга кесилген. Залалдуу  шишиктен улам анын бир бөйрөгү алынганы тууралуу алгачкы жолу Суталиновдун жактоочусу 2012-жылы сотто айтып чыккан. 2016-жылы Аскер сотунун чечими менен камакка алынган. 

Ушул жылдын августунда УКМКнын мурунку жетекчиси Улуттук онкология борборунда 2-жолу химиотерапия алганы кабарланган.  Ал эми Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Суталинов ракка чалдыкканына байланыштуу амнистияга кабылышы мүмкүн экенин маалымдашкан.