04.05.2018 12:04

Менделеев олимпиадасында Кыргызстандык окуучу коло медаль жеңди

Менделеев олимпиадасында Кыргызстандык окуучу коло медаль жеңди

Белоруссиянын Минск шаарында өткөн 52- Эл аралык олимпиадада  Кыргызстандан барган 11-класстын окуучусу коло медалга татыктуу болду. Бул туурасында Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Олимпиада М.В.Ломоносов атындагы Белоруссия мамлекеттик университетинде 22-апрелден 29-апрелге чейин химия боюнча жүргөн. 

Олимпиадага 22 мамлекет: Азербайджан, Армения, Белоруссия, Болгария, Венгрия, Грузия, Израил, Казахстан, Кыргызстан, Латвия, Литва, Молдова, Россия, Румыния, Хорватия, Саудия Аравиясы, Сербия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан,Украина жана Эстониядан  жогорку класстардын 130 окуучусу барган.

Кыргызстандан барган 8 окуучунун арасынан Кадамжайдагы "Семетей" лицейинин 11-классынын окуучусу Баяман Базарбаев байгелүү орунга ээ болду. 

Команданын калган мүчөлөрүнө катышуучу сертификаттар берилген.