25.09.2019 13:36

Мэрия калаадагы сырдуу таш жөнүндө маалымат билгендерди издейт

Мэрия калаадагы сырдуу таш жөнүндө маалымат билгендерди издейт

Бишкек мэриясы Панфилов паркы жакта орнотулган гранит тууралуу маалымат билгендерди издейт. Бул туурасында «Тазалык» муниципалдык ишканасынын басма сөз катчысы Жибек Каракеева Фейсбуктагы баракчасында жазды.

Анын айтымында, «Тазалык» ишканасы жыл сайын бул таштагы жазууларды боек менен бастырып, сырдап чыгат.

«Ташты жылда сырдап чыгабыз, мына азыр да жаңы эле сырдап бүттүк. Ал Панфилов паркы менен Тарых музейинин ортосунда турат. Таш эмнени билдирет, ким билет? Турганына көп болдубу? Эгер маанилүү нерсе болсо, тактага жазып илип коебуз, башкалар да билсин», -дейт Каракеева.