11.01.2019 13:52

Мэрия маршруттук таксилерде жүрүү акысын көтөрүүгө каршы эмес

Мэрия маршруттук таксилерде жүрүү акысын көтөрүүгө каршы эмес

Мэрия маршруттук таксилерде жүрүү акысын 2 сомго көтөрүүгө каршы эмес. Бул туурасында бүгүн, 11-январда Шаардык транспорт башкармалыгында өткөн жүргүнчү ташуучу фирмалардын жетекчилери менен болгон жолугушууда айтылды. 

Жыйында «АльянсБус» жүргүнчү ташуучулар Ассоциациясынын төрагасы Григорий Николаиди маршруттук такси айдоочулары нааразычылык акциясын өткөрбөй турганын жана социалдык тармактарда мындай маалыматтарды кимдер таратып жатканын билбесин айтты. 

«Биздин айдоочулар эч нерсени талап кылбай эле. Мен бул ушактар кайдан чыгып жатканын билбейм. Айтаарым, жол акысын көтөрүү көйгөйү бар, анткени, акыркы жолу тариф 2012-жылы көтөрүлгөн. Ал кезде күйүүчү май 30 сом эле, азыр 45 сом. Ал эми, айып пулдар бардык деңгээлде кабыл алынды жана ал мыйзам», -деди Николаиди. 

Ал эми, вице-мэр Максим Ситников учурда жол акысын өзгөртүү маселеси каралып жатканын билдирди. Айтымында, ал 2 сомго көтөрүлүшү мүмкүн.

«Жол акысын көтөрүү маселеси бышып жетилди, бирок, аны акырындык менен ишке ашыруу керек. Бүгүн кымбаттатуу чечимин кабыл алып, эртең көтөрүп ийүү мүмкүн эмес. Азырынча эки сомго кымбаттатууну карап жатабыз. Бирок, муну алгач Бишкек шаардык кеңешинин профилдик комитетинде жана сессиясында карап чыгуу зарыл», -деди вице-мэр.