17.05.2020 12:25

Мэрия үч күндө карантин эрежесин бузгандарга 228миң сом айып салды

Мэрия үч күндө карантин эрежесин бузгандарга 228миң сом айып салды

Калаа мэриясы үч күн ичинде санитардык эрежелерди сактабагандарды 228 миң сом айыпка тартты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик органдар ишкерлерди текшерүүнү улантууда. Орто-Сай жана Ош базарларынын айланасында рейд уюштурулуп текшерилген. Райондук акимиаттын, РИИБ, ӨКМ, санитардык-экологиялык инспекция жана  мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери жана муниципалдык аймактык башкаруу органын кызматкерлери дүкөн, сулуулук салондорду кыдырып чыгышты.

Бузууларды тез арада калыбына келтирүү буйругу Жунусалиев көчөсүндөгү 155 дарегинде жайгашкан Yoyo балдар дүкөнүнө берилди.

«Биз соодо түйүндүн ээси менен түшүндүрүү иштерин жүргүздүк, онлайн иштеп, дүкөн ичине кардар кабыл албоону сунуштадык», — деп айтылат маалыматта.

Анын жанындагы брокердик клубда антисептиктин ордуна айнек тазалаган каражат турган.

Ош базарынын жанында мобилдик телефондор үчүн аксессуар саткан дүкөндөр ачык болгон. Сатуучулардын ар бири менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Карантин талаптарын бузгандардын баары бузуулар боюнча Кодекстин 150 жана 239-беренелери боюнча жоопкерчиликке тартылышты.