19.04.2019 10:37

Мэриянын кайдыгерлиги: 7-апрель көчөсүндөгү өтмөктө бир айдан бери жарык жок

Мэриянын кайдыгерлиги:  7-апрель көчөсүндөгү өтмөктө бир айдан бери жарык жок

Бишкектин 7-апрель көчөсүндөгү жер алдындагы өтмөктө бир айдан бери жарык жок. Бул туурасында April.kg порталына окурман билдирди.

Анын айтымына караганда, мэрияга кайрылган менен жыйынтык чыккан эмес. «Бул райондо жумушу аябай кеч бүтө тургандар бар, мисалы, тигүүчүлөр. Түн ичинде капкараңгы өтмөктөн өткөн кандай кооптуу, алдыңда ким келатканы, же эмне турганы көрүнбөйт. Мэрияга чалсак, оңдоп берүүнү убадалашкан, андан бери бир ай өттү, эч кандай жыйынтык жок», -дейт шаар тургуну.