10.08.2018 15:12

Мэрликтен түрмөгө кеткендер ким? Тизме

:Талапкер болгондон тарта артынан сөз ээрчип, акыры депутаттар сүйрөп келип креслого отургузган Азиз Суракматов шаар жетектеген 15-мэр болуп калды. Калаа түйшүгүн тартам дегендердин тарыхына көз чаптырсак, тынч келип, каадалуу кеткен шаар башчыны саноого бир колдун манжасы көптүк кылат. Мэр болгондордун жарымы кылмыш иштерине шектелип камалса, арасында өлкөдөн качып кеткени да бар. Башында убаданы жаадырып келип, кийин кылмышкер катары мэрликтен кеткен адамдарды эске салабыз.