09.07.2019 12:37

Мыкаачылык! Cузакта 11 жаштагы бала өз үйүндө бычакталды

Мыкаачылык!  Cузакта 11 жаштагы бала өз үйүндө бычакталды

Жалал-Абад облусундагы Cузак районунун Каңды айылында 11 жаштагы баланы өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой окуя 8-июлда болгон. Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн баланын денеси өз үйүнүн кире беришинен колу-бут скотч менен байланган абалда табылган. Денесинде 20дан ашык бычактан алган жаракаты бар экени аныкталган. Факты боюнча «адам өлтүрүү» беренеси менен иш козголуп, тергөө үчүн сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Super.kg порталы Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысына таянуу менен кылмыш жасалган үйдөн «Сенден балаң аркылуу өч алдым» деген кат табылганын жазды.

«Окуя болгон учурда үйдө бала эжеси экөө эле болгон. Маркумдун эжеси үйдөн хиджаб жамынган киши чыгып бара жатканын көргөнүн айтты. Учурда тергөө иштери жүрүүдө», - деп билдирген Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы.