10.10.2018 14:51

Милиция кызды ит тиштеп салган факт боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартты

Милиция кызды ит тиштеп салган факт боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартты

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында 19 жаштагы кызды ит тиштеп салган факт боюнча кылмыш иши козголгон жок. Бул туурасында ОИИБден билдиришти.

Алардын маалыматына караганда,  29-сентябрда ИИБге айылдын 42 жаштагы тургуну кайрылган. Ал кызын тиштеп салган кошунанын итине чара көрүүнү суранган. 

Бул арыз боюнча текшерүү иштери жүрүп, керектүү экспертизалар дайындалып, күбөлөр суралган. 

Анын жыйынтыгы менен кылмыш ишин козгоодон баш тартылган, анткени кылмыш белгилери табылган эмес.

«Иттин ээси атайын итин агытып, ден соолукка залал келтирейин деген эмес», - дешет милициядан. 

Иттин тиштегени тууралуу материалдар Ысык-Ата районунун ИИБинин коомдук коопсуздук кызматына административдик чара көрүүгө жөнөтүлдү. 

Эскерте кетсек, соцтармактарда 28-сентябрда кечки саат 18:30 чамасында Новопокровкада алабай тукумундагы ит көчөдө ойноп жүргөн балдарга кол салганы жөнүндө билдирүү тараган. Чоңураак балдар качып кетип, ит  эжеси менен сейилдеп жүргөн 3 жаштагы кызга асылган. Эжеси бөбөгүн жерге түртүп жыгып, өз денеси менен бөбөгүн иттен коргогон.  Алабай 19 жаштагы кызды башынан тиштеп, жерге ары-бери сүйрөгөн. 

Ары жактан келип калган киши гана итти кубалап, кызды куткарып калган. Алабайдын ээси итин кароосуз койгону үчүн кыздардан, алардын ата-энесинен кечирим сураганга жараган эмес. Жадагалса, дарылануусуна жардм берүүдөн баш тарткан.