04.11.2019 12:02

Милиция кызматкерлери Кемин районунун тургунун сабап салышты

Милиция кызматкерлери Кемин районунун тургунун сабап салышты

Токмок ШИИБнын кызматкерлери Кемин районунун 28 жаштагы тургунун сабап салышты. Бул тууралуу Чүй ОИИББдан билдиришти. 

Маалыматка караганда, милицияга арыз менен эркек киши кайрылып, 1-ноябрда унаа токтоочу жайдан белгисиз 2 киши кол салганын айткан.

«Бул факт «Бейбаштык» беренеси менен  Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Шектүүлөр Токмоктун ШИИБ кызматкерлери 45 жаштагы У.А. жана 29 жаштагы С.Э. болуп чыкты. Бардык тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Чүй районунун ички иштер органдары сотко чейинки өндүрүшкө берүү үчүн материалдарды даярдоодо. Кызматтык териштирүү жүрүп жатат», - деп айтылат маалыматта.