12.02.2019 12:12

Милиция кызматкерлерине жалган чакырык жасаган жаран айып пул төлөдү

Милиция кызматкерлерине жалган чакырык жасаган жаран айып пул төлөдү

Милиция кызматкерлерине жалган чакырык жасаган Ананьево айылынын тургуну айып пул төлөдү. Бул туурасында Ысык-Көл облустук ИИБ басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 23-январда Ысык-Көл райондук Ички иштер бөлүмүнө Ананьево айылынын 32 жаштагы тургуну телефон чалып, аны 5-6 адам сабап жатканын билдирген. 

Бул билдирүү каттоого алынып, жерине тергөө-ыкчам топ жөнөтүлгөн. Айтылган жерге келген милиция кызматкерлери арыздануучунун мас абалында экенин жана сабалбаганын көрүшкөн. Ага эч ким кол көтөрбөгөнүн кошуналары да тастыкташкан. 

Буга байланыштуу, айылдын 32 жаштагы тургуну милиция кызматкерлерине жалган айтып, чакырганы үчүн 83-берененин негизинде 3-категориядагы айып пулга жыгылып, 5500 сом төлөдү.