25.09.2019 09:54

Милиция кызматкерлеринен ыдык көрдүңүзбү? ИИМдин ишеним телефонуна чалыңыз

Милиция кызматкерлеринен ыдык көрдүңүзбү? ИИМдин ишеним телефонуна чалыңыз

ИИМ маалымат кызматы жарандар милиция кызматкерлери тараптан мыйзамсыз иш-аракеттерге кабылса, кайсы телефон номерине чалууга боло турганын маалымдады.

«Укук коргоо органдарынын кызматкерлери бийликтин өкүлдөрү болуп туруп, айрымдары кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланышып, укук бузууларды жана кылмыштарды жасаганга чейин барышат. Атайын биздин жарандар үчүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматынын ишеним телефонун маалымдайбыз. Милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттери (укук бузуулар жана кылмыштар боюнча арыздарды кабыл албоо, пара талап кылуу, коркутуу, опузалоо ж.б.) тууралуу кайрылсаңыздар болот», -дешти ИИМден.

Мыйзамсыз иш-аракеттер боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматынын ишеним телефон номурларына 0-704-999-918, 0999-917-397 жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин нөөмөт бөлүгүнө 0312 66-23-31 номуру аркылуу тез арада кабарлаңыз.