26.06.2018 10:18

Милиция маршруттук таксидеги чөнтөкчүнү кармады

Милиция маршруттук таксидеги  чөнтөкчүнү кармады

Маршруттук  таксиден акча уурдаганга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу  Бишкек  шаардык ИИББдан билдиришти.

22-июнь күнү белгисиз адамдар тарабынан маршруткадан 22 миң сомун уурдаткан жаран милицияга арыз менен кайрылган.  

Бул факты боюнча  Октябрь районунун  иликтөө  кызматы Кылмыш-жаза  кодексинин 164-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш ишин козгогон.

Ыкчам- иликтөө иштеринин натыйжасында   Бишкек шаарынын ИИББ кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делип 1985-жылкы  Н.Б аттуу жаран колго түшүрүлгөн.

Октябрь райондук сотунун чечими менен кылмышка шектүү жаран 2 ай  убактылуу кармоочу жайга кармалды.

Азыркы учурда милиция кызматкерлери шектүүнүн  дагы башка кылмыштарга тиешеси бары-жогун изилдеп, тергөө иштери жүрүп жатат.