17.10.2018 17:44

Милиция: Тамчы айылында 25 жаштагы жигиттин сабалышынын динге тиешеси жок

Милиция: Тамчы айылында  25 жаштагы жигиттин сабалышынын динге тиешеси жок

Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында 25 жаштагы жигиттин сабалышынын динге тиешеси жок. Бул тууралуу облустук ИИБдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 16-октябрда райондук милицияга Кароол-Дөбө айылынын тургуну, 25 жаштагы С.уулу Элдос кайрылган. Ал Тамчы айылынын 3 тургуну аны сабап кеткенин билдирген.

«Жабырлануучунун айтымында, үй-бүлөсү менен Бишкекке кеткен агасынын үйүн карап, 1-октябрдан бери Тамчы айылында жашап аткан. 15-октябрдан 16-октябрга караган түнү болжол менен түнкү саат 2:00дө Элдос колонка аркылуу уюлдук телефонунан музыка угуп жаткан. Ошол маалда айылда жашаган Заманбек, Алеш аттуу балдар дагы бир бала менен терезесин тыкылдаткан. Эшикке чыккан Элдосту мас абалындагы балдар музыканы катуу угуп жатасың деген шылтоо менен сабап коюшкан. Алар кеткенден кийин жабырлануучу үйүнө кирип уктаган. Эртең менен бул тууралуу апасына кабарлап, анан райондук милицияга барган», -деп айтылат маалыматта.

Аталган факт Ысык-Көл райондук ИИбде каттоого алынып, жабырлануучуга соттук-медициналык экспертизадан өтүүгө багыттама берилген.

«Милицияга жазган түшүнүк катында жабырлануучу туткан дини үчүн токмок жегени тууралуу эч сөз жок. Андан сырткары, жабырлануучу дегеле кайсы динди тутаарын да айткан жок. Буга ал жазган түшүнүк кат далил», -дешет милициядан.

Жигитти сабагандар кармалды. Алар Тамчы айылынын 26 жаштагы тургуну С.уулу Заманбек жана 25 жаштагы М. уулу Ислам болуп чыкты. Алар өз күнөөлөрүн моюндарына алышты. Учурда чатакка катышкан үчүнчү адамдын ким экени такталууда.

Тергөө иштери жүрүп жатат. Сот-медэкспертизанын жыйынтыгы чыкканда юридикалык жактан баа берилет.

Эскерте кетсек, буга чейин айрым ЖМКлар жигит кыргыз болуп туруп, христиан динин тутканы үчүн сабалган деп жазып чыгышкан.