13.08.2019 19:02

Милициянын кызыкчылыгын сатты. Курсан Асановду ээлеген кызматынан бошотушту

Милициянын кызыкчылыгын сатты. Курсан Асановду ээлеген кызматынан бошотушту

Ички иштер министрлигинин жетекчисинин орун басары Курсан Асанов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул туурасындагы маалыматты өкмөттөн тастыкташты.

ИИМдин маалыматына караганда, Курсан Асановдун кызматтан кол жуушу 7-8-августтагы окуяга байланыштуу.

«ИИМдин ички иликтөөлөр кызматы 7-8-августтагы окуялардын жүрүшүндө массалык башаламандыктардын алдын алууда, коомдук коопсуздукту сактоодо, Алмазбек Атамбаевди кармап келүүгө багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун ишмердүүлүгү боюнча кызматтык иликтөө жүргүздү. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен милициянын кызыкчылыгын саткандыгы жана ага карата ишенимдин жок болгондугу аныкталгандыгы үчүн Курсан Асановду ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу сунуш берилген. Учурда кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы юридикалык баа берүү үчүн Башкы прокуратурага жиберилди», - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 8-август күнү Кой-Таштагы чабуул учурунда дал ушул Курсан Асанов экс-президент Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Анда генерал Атамбаевге өз эрки менен колго түшүп берсе, жакындарына эч ким күч колдонбосун айтып, убада берген эле.