26.08.2019 12:31

Мира Жангарачева КСДП Саясий кеңешине жооп берди

Мира Жангарачева КСДП Саясий кеңешине жооп берди

Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинин жетекчиси Мира Жангарачева КСДПнын ИИМ жана Башкы прокуратурага жасаган ачык кайрылуусуна жооп кылды. 

Эскерте кетсек, партиянын каты ИИМ жетекчисинин мурунку орун басары Курсан Асанов менен музей директору Мира Жангарачеванын ортосунда болду делген телефондук сүйлөшүүгө байланыштуу. Ал сүйлөшүүнүн аудио жазуусу Фейсбуктагы «Беспредел.kg» баракчасына жарыяланган. Автор үн Мира Жангарачевага таандык экенин белгилейт, бирок Курсан Асановдун үнү угулбайт. Фраза жалпы контексттен үзүлүп алынгандыктан, эмне жөнүндө сөз болгонунун толук түшүнүүгө мүмкүн эмес.

Аудио жазууда аял киши (болжол менен Жангарачева): «Силер ал шаарга келип, баарыңарды тоноп кеткенче күтүп отура бересиңерби? Силер аны ошол жактан эле атып салбайсыңарбы, ал итти?» деп кыйкырганын угууга болот.

Мира Жангарачева өзүнүн социалдык тармагында партиянын Саясий кеңешине кайрылып, төмөнкүлөрдү жазды: 

«Мен бир айга жакын убакыттан бери унчукпай аттым, силердин азыркы абалыңарда башка олуттуураак иштер менен алек болосуңар го деп ойлодум. Анча болду, мени Трамп же Путин менен кучакташтырып, же чай ичип жаткандай көрсөтүп, телефон менен байланыштырып, аларга да тапшырма берип жатат деп жазып койсоңор болмок.  Силер жакшы хейтерлер экенсиңер, саясаттан эбак кеткен менин акцияларымды көтөрүп койдуңар. Мен силерге коркуп, же манипуляция кылса болчу адам эмесмин».

КСДПнын ИИМ жана Башкы прокуратура башчыларына кайрылуусунун текстин келтиребиз:

«Сиздерден телефондук сүйлөшүүгө экспертиза жасоону өтүнөбүз, биз өз кезегинде аталган жазуунун жасалма эместигин тактоо үчүн чет өлкөдөгү эл аралык экспертизага жөнөткөнүбүздү билдиребиз. 

Биз сиздерден бул телефондук сүйлөшүү боюнча Мира Жангарачева менен Курсан Асановду суракка алууну, эгер жазуунун жасалма эмес экени такталган болсо, Мира Жангарачевага карата киши өлтүрүүгө түртүү, зомбулук кылууга үндөө фактылары менен кылмыш ишин козгоого чакырабыз. .

Бизде Мира Жангарачевага карата эч кандай жаман көрүү сезимдери жок, жамандык да каалабайбыз, бирок мамлекеттик кызматкердин, болгондо да жаштарга үлгү көрсөтүүчү музей жетекчиси рангын алып жүргөн адамдын мындай жүрүм-турумун туура эмес деп эсептейбиз.  

Сиздерден териштирүү иштерин жүргүзүп, мыйзам чегинде кылмыш ишин козгоону көптөн-көп суранабыз, болбосо, бийлик Атамбаевди жок кылып коюуну көздөгөн деген эл арасындагы сөздөр ого бетер бекемделип, Мира Жангарачеванын айтканына көнбөй койгон Курсан Асановдун жумуштан айдалуу фактысы ал ойду тастыктап калат».