02.04.2019 19:08

Мирбек Атабеков: Мамлекеттик иш-чаралар болгондо гонорарыбызды 5-6 эсе ылдый төлөшөт

Мирбек Атабеков: Мамлекеттик иш-чаралар болгондо гонорарыбызды 5-6 эсе ылдый төлөшөт

"Апрель" телеканалынын "Кеп көөрүк" долбоорунда бүгүн КР Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков конокто болду.

Маектен үзүндү тартуулайбыз: 

- Журналисттердин кайсы суроосу жакпайт? Маектин башында сиз жооп бере берип тажап калган, же жооп берүүну каалабаган суроону айтып койсоңуз?

-Бир топ жыл мурун бир журналисттин бир оригиналдуу суроосунан түңүлгөм. «Мирбек, сиз жылдыз оорусун аябай эле кармап алыпсыз. Каенча жолу сизди чакырып келтире албай жүрдүк. Ушул нерсеге кандай карайсыз?» деп суроо берген эле. Башы ушундай башталган интервью аягына деле чыкпай калган. Көп маектер алып баруучудан да көз каранды болот. Кандай суроолор болсо, кандай маанайда болсо, ошого жараша дагы биз да ачылабыз, биз дагы жооп беребиз деп айтсам болот.

-Жакында эле Казакстандын маданий борбору Алматыга барып келдиңиз. Нооруз майрамына карата чакырышкан экен сизди. Канча гонорар алдыңыз?

- Гонорар тууралуу ачык айта албайм. Бирок, жакшы эле төлөштү,  бир жеңил унаага жете турган акча төлөп беришти.

 -Кандай тосуп алышты?

-Абдан жакшы тосуп алышты. Мамлекеттин экономикасын, бюджеттин ушундай тойлордо артисттерге берген акчасынан эле байкап койсо болот. Мени ушундай популярдуу болгондуктан чакырды деп айтсам туура эмес болуп калат. Көп ырчылары Астанага кетишиптир, башкалары дагы башка жакка кетишиптир. Анан ырчылар жетишпей калгандыктан, бизге чалып чакырышкан экен. Ачыгын айтсак, биздин мэрия, же өкмөт өткөргөн иш-чараларда биз сураган гонорарды төлөй алышпайт. Бизде акча жок дегендей кыйытып жатышып, гонорарды  5-6 эсе түшүртүшөт. Балким, ортодо бирөө бөлүнгөн суммадан өзүнүн кызыкчылыктарына жумшоого алып коебу, аны билбейм. Баарын текшергенге биздин деле убактыбыз жок. Казакстандыктарга мен бул жактагы ставкаман 10 эсе көп айттым. Анткени, ал жакта бир эле жерге чыгат экем. А Бишкекте калсам, ал күнү 4-5 жерге чыга алам. Ошонун эсеби менен жакшы гонорар алмакмын. Муну казактарга түшүндүрүп айттым. Алар 2 эсе төлөп беребиз деп чакырышты. Жеке эмес, мамлекеттик иш-чарада ошондой сумма төлөп беришкени бизди аябай таң калтырды.

- Казак ырчысы Камшат Жолдыбаева менен дуэтиңизден кийин өзүңүздү белгилүүрөөк болуп калдым деп эсептейсизби?

- Албетте, ар бир кылган иш чаранын натыйжасы болот. Камшат менен тартылгандан кийин деле Казакстанда бир топ белгилүү болдум деп ойлойм.

-Сиздин чыгармачылыгыңызга көңүл буруп, колдоп келген жубайыңыз Мээрим экенин билебиз. Алгач Мээрим айымды жолуктурганда жашооңуз канча градуска өзгөрдү эле?

- Мээрим аркылуу мен көп нерсеге көңул буруп, алар мага пайдалуу экенин байкап баштадым. Өзгөчө ашканада мен билбеген жемиштер пайда болду.

- Кичинекейлериңиз кандай чоңоюп жатат? Уулуңуз Адамдын ырдап калганын байкап жатабыз. Шыгы бар окшойт.

- Мен өзүм ырдап жүргөндө 90-жылдары кыйын заман болчу. Оокат, тиричиликке басым көп болуп калган. Балдардын талантына көңүл бөлүп, ийримдерге алып баруу, окутуу деген жок болчу. Мен айыл жергесинде өсүп калдым. Баламдын ырдаганын байкап алып сүйүнүп жатам. Анткени, таланттын эч качан адамга зыяны тийбейт. Мейли, башка кызматта иштесин, бирок ырдаганды билсе жакшы да. Анан ойлойм, балким, биз кичине кезде биздин талантты да байкап, сүйүнүшсө, мындан да көп ийгиликке жетет белек деп.

- Канат Култаев менен эмне болуп иштешпей калдыңыз?

-Биз жакшы эле, 10 жылдай иштештик. Көбүнчө Канат байке менеджерлик суроолорду чеччү. Ал кезде ырды элге жеткириш кыйынчылык туудурчу. Ошондуктан, Канат байкенин көп жардамы тийди деп айта алам.

-Тойлордо сиз ырдап жатканда көпчүлүгү ырыңызды укпай эле келип сиз менен сүрөткө түшөт. Бул нерсе сизге жакпайт болуш керек?

- 2008-жылы аябай популярдуу болуп баштадым.  Тойлор да көп болуп, баргым келбей чарчаган учурлар болду. Барсаң, же ырдатпайт кармашат, сүрөткө түшүшөт.  Же ырдагандай болбойсуң, жиниң келет, айтсаң да угушпайт. Ошентип, жиним келип атып, аягында түшүндүм, кыйынчылык башыңа түшсө, андан кутула албасаң, анда аны рахат катары кабыл алыш керек экен. Азыр тамашалап калам, «бул - менин негизги профессиям, сиздер менен сүрөткө түшкөнү келдим, келгиле, түшүп алалы, а ырды болсо, жөн эле «по пути» ырдап коеюн деп чечтим» дейм. Бирок, бул нерсени да бир кезде кыялданганбыз. Тажатты деген менен, эч ким сүрөткө түшпөй койсо, жаман болобуз. Алар жакшы көргөнүнөн түшөт да, жаман көргөнүнөн түшүп аткан жок. Ошону туура кабыл алыш керек.

Толук маекти саат 21:00дө "Апрель" телеканалынан көрө аласыздар.